Милиция кызматкерин өлтүрүүгө шектелип кармалган адам соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 30-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту милиция кызматкерин өлтүрүүгө шектелип жаткан жарандын баш коргоо чарасын карап, эки айга тергөө абагына кармоо чечимин чыгарды. Ал учурда СИЗО-1де камакта", - деп билдирди аталган кызматтан.
Эске сала кетсек, 26-октябрга караган түнү саат 03:00 чамаларында Бишкекте 25 жаштагы Уларбек Майрамбеков аттуу милиция кызматкерин белгисиз адам бычак менен сайып кеткен.
Эки күндүк издөөнүн жыйынтыгынан кийин анын өлүмүнө шектелген жаран кармалганын 28-октябрда укук коргоо органдарынан билдиришкен. Кылмышка шектүү Талас облусунун 1992-жылы туулган, эч жерде иштебеген С.Б. аттуу тургуну экендиги аныкталган.