Мексиканын Герреро шаарында футболдук беттеш учурунда куралданган топ көрүүчүлөрдү көздөй ок чыгарып, 2 адам каза болуп, 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.
Маалыматка ылайык, аталган окуя жергиликтүү убакыт боюнча 29-октябрда саат 15:00 чамасында орун алган. Алгачкы маалыматтар боюнча 3 адам жаракат алды деп айтылган. Бирок кийин алардын экөөсү дарыгерлер келгенге чейин каза болгон.
Жаракат алган жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын абалын оор дешүүдө.