Атактуулардын кош бойлуу кезиндеги сүрөттөрү. Рекорд койгон Бейонсе, сүрөткө түшүүдөн тажабаган Анжелика жана башкалар

"Дүйнөдөгү эң сулуу айым - кош бойлуу айым" демекчи, эне болуу бактысына жетүү ар бир аялзатынын кыялы экени талашсыз. Соңку учурда мындай бактылуу көз ирмемди түбөлүккө сактап калуу максатында атайын фотого чагылдырып калган белгилүүлөрдүн саны арбып барат. Байкасак, алардын ар биринин бири-бирине окшошпогон өзгөчөлүктөрү бар. Мындан улам дүйнөдөгү белгилүүлөр менен Кыргыз шоу-бизнесинин жылдыздарынын кош бойлуу жана наристелүү болгондон кийинки сүрөттөр топтомун жарыялоону туура көрдүк.

Кош бойлуу кезинде гүлдөрдүн арасында өзгөчө фотосессия жасап, интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн Бейонсенин сүрөтү 1 сутканын ичинде 8 миллионго жакын "жакты" белгисине татып рекорд койгон.

Америкалык актриса жана модель Ким Кардашьян кош бойлуу экенине карабай бир да светтик кечелерди калтырбастан, эл алдында жүргөн белгилүүлөрдүн сап башында турат.

Орусиялык алып баруучу жана коомдук ишкер Ксения Собчак бойкат учурунда белгилүү журналдын башкы бетине чыгуу үчүн энеден туума жылаңачтанып сүрөткө түшүп, күйөрмандарын таң калтырган.

Баса, өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева да курсагын көрсөтүп түшкөн сүрөтүн интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Бирок Собчактан айырмаланып ич кийимин чечкен эмес.

Кош бойлуу кезин сүрөткө чагылдыруу жагынан алдына эч кимди салдырбаган - Анжелика Бекболиева. Ырчынын интернеттеги баракчасына баш баксаңыз, кош бойлуу кезинде түшкөн бир эмес, бир канча сүрөттөрдү көрө аласыз.

Диктор Мира Шүкүралиева боюнда бар экенин коомчулукка жарыя кылууну каалабай, ымыркайы төрөлгөн соң гана курсактуу кезиндеги сүрөттөрүн коомчулуктун назарына койгон. Ал эми наристесинин жүзүн азыркы кезге чейин эл көзүнөн жашырып келет.

Ошондой эле ырчы Жийдеш Идирисова да кичинекей ымыркайынын жүзүн көрсөтүүгө шашылбагандардын катарын толуктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Batma08
2017-10-31 11:26:05
Ээх балалуу болгон каандай бакыт
+5
doping1
2017-10-31 11:36:03
Уят
+2
ludimira
2017-10-31 11:49:33
Анжелика ,Жийдеш жакты.
Ксенияга соз жок.Дагы президенке кандидатурасын коем дейт,баласы чонойсо уялса керек апасынан.
+6
Dalil
2017-10-31 12:00:13
Собчактан айырмаланып ич кийимин чечкен эмес дейби. Биздин ажобуздун кызы биздин кыздардын жүзү, андай жоруктарды жасабай башка жакшы жагынан үлгү болуш керек.
+12
toma95
2017-10-31 19:56:41
Бойунда барда торкунуно баргандан уяласын тообо.
+2
Isco22
2017-10-31 20:41:08
Кийин балдары корсо кантет энеден тума жыланач болуп
+1
Sarychelek9286
2018-01-04 23:32:26
Эххх, эне болуу кандай бакыт! Мага да АЛЛАХым эне болуу бактысын берсе экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан