Садык Шер-Нияз: "Анжелина Жолини Көчмөндөр оюнуна чакырдым, ойлонуп көрөрүн айтты"

Лос-Анжелесте өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк Азия тасмаларынын III фестивалына Голливуд актрисасы Анжелина Жоли катышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына фестивалдын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз маалымдады.

"Ал киши атайын азиялык киночулар менен баарлашып, жакындан таанышайын деп келиптир. Өзүнүн бир тасмасы биздин фестивалга катышууда. Ал абдан жөнөкөй адам экен, көпкө маектештик. Сүрөткө түшкүсү келген күйөрмандарынын бирине да каршылык көрсөткөн жок. Баса, Кыргыз өлкөсүндө өтө турган Көчмөндөр оюнуна да чакырдым, ойлонуп көрөрүн айтты", - деди ал.

Белгилей кетсек, фестиваль 25-октябрда башталып, 3-ноябрга чейин уланат. Ага Кыргыздын "Саякбай", "Кентавр", "Мунабия" тасмалары катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-31 10:52:35
Базар жок Питбуллду да чакыргылачы
+2
Arlenchik
2017-10-31 11:09:00
Туура кылат, мындай дуйнолук жылдыздын келип кыргызстандын кооз мамлекет экенин, элинин меймандос экенин коруп жакындан билип кетуусу албетте жакшы корунуш.
+12
ludimira
2017-10-31 11:42:28
Джоли ушундай гонорар сурайт дейсинер...кыргызстан дагы млнго карызга батат.
Анын гостиницасы эле палааанча болсо керек...
Ойлоном жообу "ойлонуп предложение кылгыла"дегени
+5
ludimira
2017-10-31 11:46:09
Конокко чакырган турбайбы..адашыпмын..келип конок болуп кетсе дуйно кыргызстанды билет болчу.мечтать не вредно
+6
Sanjar96kgz
2017-10-31 14:31:25
Эмнеси болсо да бир жыргап алышыптыр да....
0
Beks.Kasymov
2017-10-31 14:32:49
0
ajdaaar
2017-10-31 15:05:55
Биринчиден ар кочмондор оюну откоруп миллиондорду талаага сапырып жатабыз... Дуйно кыргыздарды таанысын дейбиз... Дуйно кыргыздарды таанып жашообуз онолуп кеткени гана?!! Суу болуп агып келчу инвестициялар кана?!! Кочмондор оюну бийликтегилердин 2-3 кун конок болуп тойлоп, ХХХХ окшогондор дагы миллиондогон долларларды "сол чонтокко" салып "бизнес" кылуусуна шарт тузуп берет... Экинчи кочмондор оюнунун айынан ондогон мектептер салынбай калды...
0
ajdaaar
2017-10-31 15:09:32
Тышта бир миллиондон ашуун жараныбыз талаалап тентип журот, биз кайсы арыбызга кочмондор оюнун откоробуз?!! Откорсо тиги казактар откорбойбу, аларда откорууго толук шарты бар, ,биз болсо элибизди жумуш менен камсыз кыла албай жатып тойлогонго балээ барбы?!!

Канчалаган жарандарыбыз чет жакка барып боор, бойрок ж.б.органдарын алмаштырып келип жатат. Андан коро заманбап оорукана курса болбойбу ошондой операцияларды жасоого мумкунчулугу, шарты бар!!!
+3
Taalaibek.
2017-10-31 15:09:40
Кочмондор ойуну карапайым элге эмне кереги бар?
Кочмондор ойуну бизге эмне алып келет?
Же акча коротуунун жолубу?
Ошонун ордуна карапайым элдин айлыгын которуп койсо болбойбу? Мисалы учун бир айда 4915 сом алган карапайым эл бар. Ушулардын айлыгын 50000 сом кылып койсо болот эле го.
+3
ajdaaar
2017-10-31 15:13:42
Бул Садык Шер Нияз депутатпы же кинемотография мекемесинин жетекчисиби, тушунуксуз... Жогорку Кенеште да кино танмагын суйлоп туруп алат... Жогорку Кенеш эшек жайлоо болуп калды, депутаттар кааласа жыйындарга катышат, кааласа "жайылып, оттоп" кетет...

Садык Шер Нияз, сен же депутат болуп нормально иште, же кинематогрофия директору, болбосо маданият министри болуп ал... Же депутат болуп кыйратпасан, же башка ишти кыйратпасан... Жолини чакырдым деп коет дагы, уялбай...
+11
jbolotov
2017-10-31 16:34:03
Актан Арым Кубат деген журотко, анын мурдагы тарткандарын корсотууго тыйуу салыш керек, азыркы тарткандарыда ошол сыяктуу болсо керек.Кыргыз элинин терс салтарын чет мамлекетке корсотуп ошол учун кайсы бир номинацияда сыйлык албай эле койсо болмок.
+4
modem4999
2017-10-31 17:43:25
Режиссёр байкебиз нормальный кийинип алса болмок экен.
+3
Atas
2017-10-31 19:48:37
Kelbei ele koisun emne paida
+3
Klara87
2017-11-02 11:54:52
Келбей эле койгону жакшы анын барган мамлекеттери эмне болуп атат коруп эле атабыз мисалы ирака африкага сирияга барды андан сон не болду.Кыргызстанды корбой эле койсун.
+1
nursiyanur
2017-11-03 13:15:29
Пит мн ажырашканда,бир жигит "мага эле тийчи" деп жаткан элеби,ошол жигиттин кулагына кумуш сырга!Келсе ала качып жоолук салып отургуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан