Бишкекте Кыргыз өлкөсүндөгү АКШнын элчилигине таандык жол тандабас унаа менен эл ташыган автобус сүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаарынын Патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.
"Окуя Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсүндө саат 15:00 чамасында болгон. Учурда биздин кызматкерлер жол кырсыгы болгон жерде иштеп жатат. Кийинчерээк толук маалымат беребиз", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.