Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында сарайдын чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Токтогул көчөсүндөгү №8а үйүнүн сарайынын чатыры күйгөн. Сарайдын чатыры жыгач устунга ашталып шифер менен жабылган. Сарайдын 20 чарчы метр чатыры, 1 жыгач эшик, 2 жыгач терезе күйүп кеткен.
ӨКМнын маалыматы боюнча өрттүн келип чыгуу себеби тамеки тартуудагы этиятсыздык болгон.
Эске салсак, 29-октябрь күнү Бишкек шаарында тамекиден тутанган өрт турак жайды каптап эки адам каза болгон.