Ошто "тиги дүйнөдө маркумдарга жүк болбосун" деп эстеликтерди талкалаган жаран үй камагына чыгарылды

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы мүрзөдөн 51 эстеликти талкалаган адам соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтуусуна караганда, чечим кечээ, 31-октябрь күнү Ош шаардык соту тарабынан кабыл алынган.

Эскерте кетсек, 28-октябрда Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Татар айылынын тургуну 51 эстеликти кулатып, талкалап салган. Шектүү көрсөтмөсүндө күнөөсүн моюнуна алып, бул кадамга ал эстеликтер маркумдарга тиги дүйнөдө жүк болбосун деп барганын айткан.

Ошто жаран мүрзөдөгү 51 эстеликти талкалап салган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-01 09:59:13
Жакшы
+5
Nyra.
2017-11-01 10:01:05
Эстелик деген нерсе койбош керек, ал исламга туура келбейт. Аны бай адамдар моода кылып алышты, канча айтам Ата-Энени козу барда сыйлагыла. Козу откондон кийин ал зангыратып койгон эстелигинердин пайдасы тийбейт, зыянынан башка.
+13
SMS Aroma
2017-11-01 10:02:13
Психикалык жактан жабыр тарткан пенде болушу мумкун, суйлогонунон эле билинип турат. Же болбосо алкоголдук ичимдик ичип алган, озуно-озу жооп бере албачу абалда "бир кезде ой болду" деп жатат. Кандай болгон кундо да бир пенде учун мусулмандарды жаман аттуу кылган туура эмес, progresskg!? мурда мусулман болсонуз азыр кимсиз?
-11
Nanei
2017-11-01 11:14:04
Даарылаш керек. Принудительно.
-5
Ayida
2017-11-01 11:37:52
Туура кылат!Ал эстелике да акча кетирип жасатат.Пайдасы жок Маркумдар аябай суйунуп женилдеп калыштыда
+5
admin_superstan
2017-11-01 12:48:17
progresskg, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат. Эскертүү!
0
admin_superstan
2017-11-01 12:52:11
mahbu.kg, kutman-kg94, Дарыгер, OKEI, этика нормаларын сактаңыздар.
0
bazar
2017-11-01 13:58:15
Пикир жазгандардын арасында деле колдогон ХХХХ бар экен.
-2
admin_superstan
2017-11-01 14:10:00
bazar, этика нормаларын сактаңыз.
+1
Sagyn.91
2017-11-01 15:23:43
"Жапалактын жаманы жата калып ат уркутот" дегенди дагы бир жолу тастыктап отуптур да, жердешим.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан