Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 3 адам жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 31-октябрь күнү кечки саат 6:10 чамасында Балыкчы-Каракол унаа жолунун 59-чакырымында болгон. Анда Фольскваген Пассат үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жеңил жаракат алган. Жабыркагандар "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген.