ЖЫЛНААМА, 1-НОЯБРЬ: 20 жыл мурун азыркы кезге чейин популярдуулугун жоготпогон "Титаник" фильминин бет ачары болуп өткөн. Тасма тууралуу кызыктуу фактылар

1997-жылы 1-ноябрда айсбергди сүзгөн кеме жөнүндө тартылган "Титаник" тасмасынын бет ачары болгон. Фильм тез арада популярдуу болуп, 1998-жылы "Оскар" сыйлыгына 14 номинация боюнча көрсөтүлүп, алардын ичинен "Мыкты тасма" баш болгон 11 наамга ээ болгон. Андан бери 20 жыл өтсө да, тасма өз популярдуулугун жоготпостон телеканалдар аркылуу бат-баттан эл назарына коюлуп турат.

Жеймс Кэмерон

Тасманын режиссёру жана сценаристи – Жеймс Кэмерон. Кинодогу башкы каармандардын образдарын Леонардо Ди Каприо, Кейт Уинслет сыяктуу белгилүү актёрлор аткарышкан.

Жеймс Кэмерон “Титаник” боюнча алгач 1987-жылы документалдык фильм аркылуу билген, ошондон бери кино тартуу жөнүндө идея ага тынчтык бербей койгон. 1994-жылы 167 беттен турган сценарий жазып, аны “20th Century Fox” кинокомпаниясына сунуштаган. Компаниянын өкүлдөрү ойлонбостон режиссёрго 3 миллион доллар бөлүп берүүнү чечкен.

Өзүнүн тасмасынын негизги “каарманы” менен жакындан таанышуу максатында Кэмерон 1995-жылы орусиялык илимий-изилдөөчү команда менен бирге океан түбүнө 12 жолу чумкуган. Ошондо эле фильмдин алгачкы эпизоддору тартыла баштаган.

Тасма 1996-жылдын 16-сентябрында тартыла баштаган. Баштала элек жатып түрдүү даярдыктарга 110 миллион доллар сарпталганы эсептерден билинген. 7 айдын ичинде тартылып бүткөн тасманын жалпы бюджети 200 миллионго чыгып кеткендигине байланыштуу акчасы жетпей бараткан “20th Century Fox” компаниясы өзүнүн атаандашы “Paramount Pictures” компаниясынан кошумча тыйын алууга мажбур болгон. Мындай жардамы үчүн “Paramount Pictures” тасманы Түштүк Америкада жайылтуу акысына ээ болгон.

Кинокомпаниянын жетекчилери тасманын дээрлик 3 сааттан ашык созуларын көргөн соң аны кыскартып, бир аз да болсо акча үнөмдөөнү сунушташкан. Бирок Кэмерон алардын сөзүнө көнгөн эмес. Тасманын бизге жеткен акыркы варианты 194 мүнөттү түзгөн.

"Титаник" тасмасы тууралуу кызыктуу фактылар:

  • "Титаник" тасмасынын бет ачары Токио шаарындагы эл аралык кинофестивалда болуп өткөн;
  • Алгач башкы каарман Жек Доусондун образын чагылдырууга Том Круз жана Бред Питт сунушталган. Бирок режиссёр Леонардо Ди Каприонун талапкерлигин колдогон;
  • "Титаник" кемесин курууга караганда, "Титаник" тасмасын тартууга көбүрөөк каражат кеткен. Тагыраагы кеме үчүн 150 миллион доллар, тасмага 200 миллион доллардан ашуун каражат сарпталган;
  • Ал эми фильмдин жалпы кирешеси 2,2 миллиард долларды түзгөн;
  • Суу алдында камералар 15 мүнөт гана иштегендиктен, андагы эпизоддорду тартууга 2 айдан ашык убакыт кеткен. Ал эми кийин тасмага бул материалдын 12 мүнөтү гана керектелген;
  • “Көрүүчүлөр кинотеатрга кеменин урашын көрүү үчүн келет” деп ишенген режиссёр бул көрүнүшкө көбүрөөк басым жасап, атайын эффекттерди даярдоо үчүн 17 студияны ишке киргизген. Алардын башында кийин "Оскарга" ээ болгон Роберт Легато турган;
  • Фильмде жалпысынан 100дөн ашуун адам роль аткарган, ал эми масса үчүн жүргөндөрдүн саны 1000ге жакындаган.

1-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
asi.gulum
2017-11-01 11:47:24
Канча адам тартылганын да жазып койсоңор болмок.
0
admin_superstan
2017-11-01 12:07:40
asi.gulum, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
zara__
2017-11-01 12:49:04
Фильмдин кирешеси канча болгон анан?Ошону да жазып койгулачы .
0
admin_superstan
2017-11-01 12:58:25
zara__, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
anelya_kaparova
2017-11-01 13:53:33
эң мыкты тасма. Көргөн сайын жашыйм((
+2
Aijana121197
2017-11-02 00:51:24
Жети айда бир кино тартылыптыр, бирок жүрөккө жетет атагы чыккан. А биздикилер бир жылда төртөөнү тартат, супсак, түшүнүксүз бекерден акча коротмой
0
Nibiru.
2017-11-02 01:32:57
Ошол 150 миллион доллар ошол учурдагы азыркы курс менен салыштырганда он эсе коп болот. Доллардын ал учурдагы курсу менен азыркы курстун айырмасы он эсе. Ошондо кемени курууга азыркы курс менен алганда 1,5 миллиард доллар кеткен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан