Ошто үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен улам уксус ичип алган 30 жаштагы аял каза болду. Анын артында эки баласы калды

Ош облустук ооруканасында үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен улам күйөөсүнө таарынып уксус ичип алган аял каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өз жанын кыюу максатында уксус ичкен аял 28-октябрда ооруканадан көз жумган.

"Каза болгон Т.Т. үй-бүлөлүк пикир келишпестиктерден улам күйөөсүнө таарынып төркүнүндө бир жумадай жүрүп 23-октябрда кайра келген экен. Эртеси 24-октябрда түштөн кийин уксус ичип алган. Ош облустук ооруканасында дарыгерлер 4 күн дарылашып, бирок сактап кала алган эмес. Анын эки баласы бар. Улуусу 3 жашта болсо, кичүүсү 1 жашка толо элек. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти Ош облустук ички иштер башкармалыгынан.

Айта кетсек, 27-октябрда да Баткенде күйөөсүнүн кордугуна чыдабаган 20 жаштагы келин уксус ичип ооруканадан каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Ayida
2017-11-01 11:32:12
Ошондо уксустан 2 келин олдубу? Бул эми вирус болуп кетпесе болду бирин коруп бири ошол учун Аллахга тобокел кылыш керек кандай проблема болбосун чечилет.Чечилбейтин проблема жок сабыр кылыш керек эледа
+10
Baku88
2017-11-01 11:53:22
Эркеке очошуп кулгундой жаш өмүрүн кыйып эки чырактай балдарын жетимсиретип кетиптир жаткан жери жайлуу болсун Кудайым күнөөлорун кечирген болсун артында калган балдарына өмүр ыйман берсин башка эмне дейбиз
+4
dinar-87
2017-11-01 12:04:25
Эрге да очошобу балдарын ойлобойбу алардын куну не болот Ким Оз энесиндей карайт Эми.
+5
Romantik.
2017-11-01 12:10:24
Эх эн баарынан да эки кичинекей баласына оор болот эми. Ичим жаман ачышып атат. Мен кичинекей кезимде атам менен апам урушуп кеткендеги менин акыбалымды эстеп (
+2
Mehazahn57
2017-11-01 12:39:28
Ото окунучтуу.
+1
Saidochka
2017-11-01 14:18:03
Эркекке очошуп кылган иши ушубу Балдарын ойлобой,..кем акылдык
+3
gute
2017-11-01 14:18:48
женил ойлуулука алдырбаш керек болчу жашоодо ойдо-ылдый болотта
-1
Dalil
2017-11-01 14:28:56
Мөлтүрөгөн көздөрдү кантип кыйып кетти. Шарият жолунда жашап аял эркек бири бирибизди сыйлап жашасак ушундай жаш өмүрлөр кыйылбайт беле...
0
Dalil
2017-11-01 14:34:12
Албетте өкүнүчтүү өзүн өзү өмүрүн кыйгандардын аркы дүйнөдө да кыйын болот дейт. Аллах ырайымын аябасын.
0
Asyl10
2017-11-01 15:32:02
Куйоосу аябай эле жанына баткан го, балдарын да ойлобой жанын кыйыптыр. Ажырашып албаптыр да омурун кыйбай. Бир да эркек аял затынын жанын кыйуусуна арзыбайт. Азыркы копчулук эркектер аябай бузулуп кетишкен. Аял, бала-чакасын козго илбей ойнош ойношот,булоосун багышпайт, аялы бир нерсе десе ур-тепкиге алат, ошондуктан кыргыз кыздары башка жигиттерге турмушка чыгып жатышат.Ыйлап жургон жаш келиндер толтура куйоом ойнош ойнойт,урат деген. Боорун ооруйт коруп.
+2
zzari-83
2017-11-01 16:42:48
Эркек үчүн өз жанын кыюу...Билбейм,не дешти.Битке өчөшүп көйнөктү өрттөчү эле булар өздөрүн кошо өрттөп салганы жаман болуптур...Ушул кее бир алсыз эркектердин айынан канчалаган балдар энесиз калууда...Өкүнүчтүү ...Жаткан жери жайлуу болуп, Кудайым кылган күнөөлөрүн кечирген болсун...
+1
Biinura
2017-11-01 21:32:49
Бизде бироо куйосу талак бербей койсо уксус ичип алыптыр эле. Оштон десе ошол эмеспи деген ой келди. Анткени 25-октябрьда уккам болчум. Авысыны таксиде баратып айтып берди эле. Жакшы маани бербепмин. Женем мага "перевод" кылды.
0
marmiladka9
2017-11-01 22:39:16
2 жакта тен бар... куйоо алсыз, аялы арсыз кайран омур жалп очкон. Ойномоктон нары барсын эркек, эрктуу болуп сыр бербей жашай бер бир куну келет шиншийиип ортодо балдарына зээним кейиди
+1
meku89
2017-11-02 10:32:15
Иий Кудайым. Ото окунучтуу чырактай балдарын кимге жалдыратып таштады экен ойлонбойбу. Мен кичине ооруп калсам Кудайдан тиленип отурам эки кызымдын мандайына аман кыла кор деп. А бул болсо оз жанын гана ойлоптур да. Кудайым жазасын женилдетсин эми.
0
admin_superstan
2017-11-02 11:05:12
alikgz, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек. 1 күнгө БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан