Бишкекте эл аралык террордук топтун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 31-октябрь күнү Бишкекте жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын негизинде 1988-жылы туулган К.В. жана 1990-жылы туулган К.Г. кармалган.
"Алар КМШдагы өлкөлөрдүн биринин жарандары. Бишкекке ушул жылдын октябрь айынын башында келишип, жарандарды Сириядагы согушка үгүттөп жүрүшкөн", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.