Бир нече мүнөттөрдөн соң SUPER.KG'нин түз эфиринде белгилүү эстрада ырчылары Курал Чокоев менен Ильяз Андаш конокто болот. Мырзалардын канчалаган ырлары буга чейин деле популярдуу болуп келген. Бирок 2 ырчы биргеликте "Сейдакматтын ырына" жаңы өмүр берип, аны хитке айлантышты. "Ачуу айрандан, арыктагы суудан ичкен" мырзалардын жеке жашоосу, келечектеги пландары тууралуу сизди көптөн бери кызыктырып, бирок жооп ала албай жүргөн суроолоруңуз болсо мүмкүнчүлүктөн пайдаланып узатыңыз. Ырчылар суроолорго түз эфирден жооп берет.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда ушул кабардын астына жазып, жооп алсаңыздар болот.
15:00 Ырчылар Курал Чокоев менен Ильяз Андаштын түз эфирдеги маеги башталып, алып баруучулар даярдаган "Ойготкуч" суроолорго жооп беришүүдө.
15:06 Окурмандын "Силердин "Сейдакматтын ыры" деген ырыңар аябай хит болду эле. Дагы качан ушундай хиттерди жаратасыңар?" - деген суроосуна, "Бизди ушул ырдан соң дуэт катары кабыл алгандар көбөйдү. Биз дуэт эмес, жеке ырчыларбыз. Азырынча кайра чогуу ыр жазуу пландарыбыз жок", - деп жооп беришти.
15:12 Суроо: "Курал, сен модель болсоң болчудай. Бул жаатка аралашуу планың жокпу?"
"Негизи өзүмдү ар тараптан сынап көргөндү жактырам. Азыр спорт залга барып машыгып турам, балким, келечекте моделдик кесипке аралашып калармын", - дейт Курал Чокоев.
15:16 Окурмандын "тойлорго чогуу көп чакырышабы же өзүнчөбү?" деген суроосуна "өз-өзүнчө көп чакырышат. Кээде экөөбүздү тең чакырып, Ильяз менден биринчи "Сейдакматтын ырын" аткарып койгон учурлар болот. Мындан улам Ильяздан биринчи барып, мен биринчи ырдаганга аракет кылып калам. Ошентип чогуу аткарган ырыбыз талашка түшкөн учурлар болот. Ортобузда бир аз атаандаштык бар", - деп күлдү Курал Чокоев.
15:20 Суроо: "Курал, сен бир кыз менен сүйлөшүп жатам деп айттың эле. Мамилеңер уланбай калдыбы?"
"Эмнеге уланбай калды? Сүйлөшүп эле жүрөбүз", - деди ырчы. Ошондой эле жаштык кылып эрте үйлөнүп, 1 балалуу болгондо ажырашып кеткенин айтты.
15:25 Окурмандын Курал Чокоевдин стили тууралуу берген суроосуна, "Ар дайым интернеттен заманбап кийимдерди, модаларды карап турам. Ошого жараша кийинем. Коллекциямда 4 шляпа бар, алмаштырып кийип турам. Соңку учурда Конор Макгрегордун кийинүү стили жагып жүрөт", - деп жооп берди.
15:32 Ырчылар алып баруучулар даярдаган оюнга активдүү катышууда.
15:35 Ильяз Андаш менен Курал Чокоев гитаранын коштоосунда жандуу үн менен "Сейдакматтын ырын" аткарышууда.
15:40 Курал Чокоев жеке жашоосу жөнүндө айтып жатып, "Азыр 30 жаштамын, 31 жашка чыкканга чейин сөзсүз үйлөнөм. Азыр баары эле "Качан үйлөнөсүң?" деген суроону бере башташты", - деди.
15:46 Суроо: "Ильяз, жубайың менен такыр урушканыңды уккан эмесмин. Үлгүлүү үй-бүлөнүн сыры эмнеде, кеңеш бере кетсеңиз?"
"Менимче, жубайым экөөбүз эки башка кесиптин ээси болгонубуздун натыйжасы болуш керек. Мен мурун эле шоу-бизнес чөйрөсүнө тиешеси жок кызга үйлөнөм дечү элем. Ошол тилегиме жеттим. Бизде деле уруш-талаш болот, албетте, бирок аны элге жарыя кылуунун кажети жок деп ойлойм", - деп жооп берди.
15:50 Суроо: "Силер элита ырчыларына киресиңерби же...?"
"Биздин бардык чыгармачыл инсандар менен мамилебиз түз. Элита же башка деп бөлүнбөйбүз, биз сахнага акчасы жок келген ырчыларбыз. Экөөбүздүн тең музыкалык билимибиз бар, жөн эле көчөдө жүрүп, тааныш таап алып шоу-бизнеске аралашып калгандардан эмеспиз", - деп жооп беришти.
15:55 Окурмандын "Ильяз, жубайың кош бойлуу кезинде ичин көрсөтүп сүрөткө түшүп, элге жарыялаган. Бул үчүн ата-энеңерден тил уккан эмессиңерби?" деген суроосуна, "Мен адамга "жок" деп айта албайм. Жубайым ошентип сүрөткө түшкүм келип жатат дегенде да каршы болгон эмесмин. Бирок аны социалдык тармакка жүктөй турганын билген эмесмин. Сүрөт элге тарап кетери менен ата-энебиз аябай катуу урушуп, дароо бардык жактан өчүрткөнбүз", - деп жооп берди.
16:00 Окурмандын суранычы боюнча кемпир-чалдын образын аткарып, андан соң жандуу үн менен ырдоого өтүштү.
16:15 Ырчылардын SUPER.KG'нин түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.