Сотто Шыкмаматовдун жактоочусу айрым документтерди техникалык экспертизадан өткөрүү өтүнүчүн келтирди

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун соттук иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Шыкмаматовдун жактоочусу Чынара Жакупбекова "Барат Люкс " фирмасы унааларды сатып алгандагы келишимди техникалык экспертизадан өткөрүү өтүнүчүн келтирди. Ал күбө Мергенталлер унаасын "Барат Люкс" ишканасына сатканда баасын карандаш менен жазгандыгын айткандыгын, андыктан аталган документти экспертизадан өткөрүп далилдөө керектигин айтты. Сот аталган өтүнүч боюнча кеңешме бөлмөсүнө кирип чыкты, бирок өтүнүчтү канааттандырган жок.

Эскерте кетсек, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Шыкмаматов өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан