SUPER.KG порталынын түз эфиринде Курал Чокоев менен Ильяз Андашка кызыктуу суроо берген окурман ырчылардын белегине ээ болду

Бүгүн, 1-ноябрда SUPER.KG порталынын түз эфиринде эстрада жылдыздары Курал Чокоев менен Ильяз Андаш конокто болуп, күйөрмандары жиберген суроолордун баарына жооп беришти. Эфирдин соңунда суроо узаткандардын ичинен бир адамды тандап, ага өздөрү алып келген белекти ыйгарууну чечишкен. Ырчыларга жаккан суроону узаткан порталдын колдонуучусу esimde деген ник менен катталып, "Курал мырза, мага жагасыз. Анан үйлөнбөгөнүңүздүн себептерин жок кылуунун жолдорун тапса болот же жардамым тиет. Таанышып көрсөк кандай дейсиз?" - деген суроо узаткан.

SUPER.KG порталы эфир аяктаган соң жеңүүчү менен байланышып, колдонуучуга ырчылар калтырган белекти тапшырды.

"Курал Чокоевдин мага адамдык сапаттары жагат. Эфирди көрүп отуруп, сүйлөгөн сөздөрүнөн анын ой жүгүртүүсү да жакты. Ушул байкедей жигит менин эжем тааныш болуп калса эмне деп ойлоно кетип, суроо калтырып койгом. Кубанычтамын, белек үчүн рахмат!" - деди кубанган жеңүүчү.
Урматтуу окурман, сиз дагы бул колдонуучудай болуп жеңишке жетип, күйөрманыңыз алып келген белекке ээ болууну кааласаңыз, анда ар түз эфир сайын конокторго кызыктуу суроолорду жиберип туруңуз.
Курал Чокоев, Ильяз Андаш: "Ортобузда атаандаштык бар"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
asi.gulum
2017-11-01 22:45:16
ХХХ таппай жатамгооо админ.
0
admin_media
2017-11-02 09:20:01
asi.gulum,
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/supertv/207741
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан