Америкалык ырчы Леди Гага өзүнөн 17 жаш улуу адамга турмушка чыгат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.
Леди Гага деген псевдоним менен белгилүү болгон Стефани Жерманотта өзүнүн шоу-бизнестеги агенти Кристиан Кариного жар болору жазылган маалыматта. Алар ушул жылдын башынан тарта кыз-жигит мамилесинде жүрүшкөн. Карино өзүнүн сүйүктүүсүнө бриллиант көздүү шакек белек кылып, түбөлүктүү жары болууну сунуштаган. Стефани бул сунушка "макул" деп жооп берген.
Бул кабарды көпчүлүккө жарыялоодон мурда Кристиан болочоктогу жубайынын колун атасынан сураган. Ырчынын атасы Жозеф Жерманотта өз макулдугун берип, болочоктогу күйөө баласы кызын бактылуу кыларына ишенерин билдирген.
Түгөйлөр үйлөнүү тою качан болорун азырынча айта элек.
Леди Гага 1986-жылы 28-мартта төрөлгөн.