Орусияда "Кыргыз жарандарын алдап, акчасын алып жүргөн" деп шектелген аял кармалды

Орусиянын Москва шаарында "Кыргыз жарандарын алдап, акчасын алып жүргөн" деп шектелип 51 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 31-октябрда Москва полициясы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында М.З.А. аттуу аял алдамчылык фактысына шектелип кармалган.

"Ал Зоя Соколова экенин айтып, профессор, медицина илимдеринин доктору, жогорку даражадагы врач-терапевт, кээ бир жерлерден өзүн Кыргыз элчилигинин кызматкеримин деп тааныштырып жүргөн. Орусия жарандыгын, паспортторду тез арада алып берем, абакта отургандарды боштондукка чыгарып берем деп алдамчылык жолу менен Кыргыз жарандарын көптөгөн чыгымдарга учураткан", - деп билдиришти аталган өкүлчүлүктөн.

Ошондой эле аталган маалыматта учурда шектүүгө кылмыш иши козголуп, иликтенип жатканы, андан жабыркагандар Москва шаарындагы Кыргыз элчилигине же + 792 689 087 00 телефон номерине кабарлап коюусу керектиги айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kg_emilbekov
2017-11-02 10:32:48
жеттим ошо алган акчаларын тешип чыксын сенин айынан аялда канча бала кыйналып атат
+2
gute
2017-11-02 11:59:09
Ушунун баарына бийлик куноолу элин тентитпей жумуш ордуларын тузуп бербейби
+3
jasgul
2017-11-02 13:12:56
gute,ооба, алдамчылык кылса да бийлик куноолуу дей берели.
0
Paolo
2017-11-02 14:21:53
Иий кандай кылып ушундай жолго барды десен тигилер пешене тери мн тапкан акчаны алдап алып коююп журо берген адамдар как будто олбогудой эле жашап калышты го унутпаныз за все придется отвечать перед Аллахом
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан