Нью-Йорктогу терактты уюштурганга шектүү адамды өмүр бою эркинен ажыратуу же өлүм жазасы күтөт

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Манхэттен районунда орун алган терактка шектелип кармалган өзбекстандык Сайфулло Саиповго жаза чарасын көрүү маселесин прокуратура карамакчы. Ал мындан ары өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилиши мүмкүн же өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Мындай маалыматты Нью-Йорк штатынын Түштүк округу боюнча прокурору Йон Ким маалымат жыйында билдирди.

"Терактты жасагандыгы үчүн ал өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Ал эми "Ислам мамлекети" тыюу салынган террордук уюмга материалдык жакта каржылоо көрсөткөн деген пункт боюнча алсак, ал өмүр бою эркинен ажыратылышы ыктымал. Ал эми өлүм жазасына тартууну прокуратура ишке ашыра алабы деген суроого келсек, бул боюнча дагы териштирүүлөрдүн жыйынтыгы менен чечимге келебиз. Өзүңөр билгендей, теракт уюштурулгандан бери аз гана убакыт өттү", - деди прокурор.

Эске сала кетсек, 31-октябрь күнү АКШнын Нью-Йорк шаарында айдоочу жүк ташуучу унаасы менен жөө адамдарды тебелеп кеткен. Окуянын жыйынтыгында 8 адам каза болуп, 12 адам ар түрдүү жаракаттар менен ооруканага түшкөн. Кылмышты жасоого шектелген пикаптын айдоочусу Өзбекстанда туулган Сайфулло Саипов экени аныкталган. Ага полиция кызматкерлери ок чыгарып, жарадар кылып колго түшүрүшкөн. Саипов буга чейин АКШнын Флорида штатында жашап келгени маалым болгон. АКШ бийлиги аны "Ислам мамлекети" террордук уюмуна мүчө деп, аталган уюмдун уюштуруусу менен кылмышты аткарган деп күнөөлөнүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kg_emilbekov
2017-11-02 10:34:14
озбеке жаман болуптур
-3
rysik79
2017-11-02 10:46:35
Кудайга тоообо. Ташкентте эле самсы бышырып журсо Аллахым Сайфуллодон ыраазы болмок. Ньюйоркко барып дагы жон журбой адамдарды тебелетип олтургон айбан кылбаган иш го
+4
Dalil
2017-11-02 12:04:21
Мусулмандар кылмыш жасаса теракт өздөрүнөн болсо кокустук же башка кылмыш.
+3
Nanei
2017-11-02 13:18:55
Туура,мындайлврды туп тамыры менен жок кылыш керек.
0
Paolo
2017-11-02 14:14:15
Омур бою эркинен ажыратыш керек пускай мучается
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан