Бүгүн, 2-ноябрь - легендарлуу "Кыз-бурак" тобу аркылуу элге аты таанылган эстрада жылдызы Айжамал Кабылованын туулган күнү. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктап байланышка чыкканда, бүгүн үй-бүлөсүндө кош майрам экенин айтты.
"Азыр Оштомун, кечээ концертте жүрүп үйгө кеч келгем. Аз өтпөй эле эшигимдин коңгуроосу кагылып, ачсам Асел Касымова, Максат Довранов баштаган кесиптештерим таттууларын көтөрүп алып куттуктап келишиптир. Бүгүн менде кош майрам, тагыраагы, маданият кызматкерлеринин күнү жана туулган күнүм. Аны менен катар уулумду сүннөткө отургузгам, кечинде тууган-урукту чакырып, бата алсак деп ниет кылып жатам. Азыр ошого даярданып, базарда жүргөн болчумун", - деди ырчы.
Айжамал Кабылова 1982-жылы 2-ноябрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында төрөлгөн. Болочоктогу ырчы 6-классынан тарта "Кыз-Бурак" тобуна алынып, аталган топтун негиздөөчүсү жана жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын колунда тарбияланган. Турмушка чыкканга чейин аталган топто чыгармачылыгын өстүрүп, үй-бүлөлүү болгон соң топтон кетип, чыгармачылыгында тыныгуу жасаган. Ал арада ырчы 1 кыз, 1 уулдуу болгон. 2010-жылдан тарта Айжамал Кабылова жеке ырчы катары чыгармачылыгын уланткан. Өткөн жылдын январь айында жолдошу менен түшүнбөстүктөр болуп, эки башка жолду тандашканын жарыялаган.
Айжамал Кабылова тууралуу фактылар:
2-ноябрдын жылнаамасы.