Бүгүн, 2-ноябрда абакта отурган Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин Биринчи Май райондук сотунда ага карата козголгон кылмыш иши боюнча кезектеги сот отуруму уланууда. Айыпталуучунун жактоочусу Сергей Слесарев алгач отурумдун жүрүшүн видеого тартып алууга уруксат берүү өтүнүчүн келтирди. Судья тараптардын макулдугу менен өтүнүчтү канааттандырды. Учурда күбөлөр суралууда.
Эскерте кетсек, 2010-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Канат Исаевге Токмок шаардык мэриясындагы коррупциялык иштер боюнча кылмыш ишин козгогон. Кийин кылмыш иши боюнча айрым эпизоддор Чүй облустук прокуратурасында жоголуп кеткен. Башкы прокуратура жана УКМК тарабынан 2017-жылы 25-майда бул кылмыш иши кайра жанданган. Мындан тышкары Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында Токмок шаардык мэриясынын кызмат адамдарына козголгон кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Анын ичинде Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган деп айыпталган.
Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес. Тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.