Орусияда аялын бычактап өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн Кыргыз жараны колго түштү

"Орто Азия мамлекеттеринин биринин жараны колго түштү. Ал сентябрь айынан бери өз аялын бычактап өлтүрүүгө шектелип изделип жаткан. Шектүү Подмосковьенин Мытищинский районунан колго түшүрүлдү". Мындай маалыматты Орусия ИИМинин Москва шаардык башкармалыгы жергиликтүү маалымат булактарына кабарлады.

"Ыкчам топ кылмышка шектүү Орусиянын аймагынан чыгып кетүү үчүн шашылыш акча издеп жатканы тууралуу маалымат алган. Ал Москвада туугандарынын үйүндө жашынып жүргөн жеринен кармалды", - деп билдиришкен полиция кызматкерлери.

Эскерте кетсек, 12-сентябрда Орусиянын Москва шаарындагы Краснодар көчөсүнөн кыргыз келиндин бычакталып каза болгон жансыз денеси табылган. Анын өлүмүнө күйөөсү шектелип жатканын жана кол салуу кызганычтан улам болгонун божомолдоп, полиция кызматы ага издөө жарыяланганын билдирген.

Окуя Краснодар көчөсүндөгү видеобайкоолордун бирине түшүп калган. Видеобайкоодон шектүү аялына бир нече ирет бычак сайып, андан ары качып кеткенин көрүүгө болот.

Орусияда Кыргыз жараны келинчегин бычактап салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dembele84
2017-11-02 12:05:10
Жанында чоон эле киши караап дальше отуп кетти го,же чуркалар биринин этини бирин же деп ары басып кеттиби?
+2
Nibiru.
2017-11-02 15:08:26
Dembele84,Орус эместердин олумун алар ит олумундой да корушпойт. Кайра суйунушот,бири-бирин кырып эле салышса экен деп. Булардын баарын кырып-олтуруш керек,адам катары да корбойбуз деп.Андай комментерди интернетте ачык эле жазышат. Эч ким ага каршы эч кандай чара деле колдонбойт. Бизде ошентип корчу бир оруска же башка улуттун окулуно карата,дароо камап салышсын. Ал эми оз жарандарынын укугун чет жерде коргоо деген ой такыр эле жок.
+1
dinikyz
2017-11-02 12:07:50
Жанынан адам отуп барататго жардам берип койсо болбойбу
0
PROS
2017-11-02 12:45:34
Москвичтер ошондой, бирөө экинчисин өлтүрүп жатса деле карап коюп кете беришет. Таң калыштын кереги жок.
0
Paolo
2017-11-02 13:36:02
Адамдан откон жырткыч жок деп бекеринен айтышпаса керек
0
Nibiru.
2017-11-02 15:10:46
Ошончолука жеткирген куноо аялында да барда. Бир тараптуу эле куноолой берген болбойт. Албетте,олтуруу керек эмес,бирок аялы да ошончолука жол бербеши керек болчу. Жаткан жери жайлуу болсун!
0
Kanatbek81
2017-11-02 16:51:40
Жанын кашайтып суйлогон да паска чаап куйоосун.
0
Drongo
2017-11-02 17:16:57
Жардам бербей,кайдигер карап басып кеткен адамды полиция издеп жатат.Ал адамдын кайдигерлиги,кылмыш кылганга барабар.Закон алдында жазасын алат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан