Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин соттук иши уланууда. Ал Токмок шаарынын мэри болуп турганда аукцион аркылуу 8 гектар жер жатаканасы менен бирге жеке тарапка 3 миллион 200 миң сомго сатылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн комиссия экспертиза жүргүзүп, жерди жатакана менен бирге 17 миллион сомдон ашык акчага баалаган.
Сот залында эксперттик топтун төрагасы Карыпбек Сагынбеков алгач 2009-жылы жеке өзү экспертиза жүргүзгөндө 5 миллионго баалап, 2016-жылы эксперттик топ менен бирге экспертиза жасаганда 17 миллион сомдон ашык акчага бааланганын билдирди. "Алгач өзүм экспертиза жасаганда 5 миллион сомго бааланды. Бирок мен жер тилкесин жана курулуш материалдарды гана эсептеп чыккам. Өткөн жылы эксперттик топ менен бирге 17 миллиондон ашык акчага бааладык", - деди Сагынбеков.
Жактоочулардын суроолоруна жооп берип жатып экспертизанын жыйынтыгынын ар бир бетине өзү кол коюп чыкканын, бирок топтун башка мүчөлөрү биринчи жана акыркы бетине гана кол койгонун белгиледи. Анын себебин толук түшүндүргөн жок.
Ал суралып бүткөн соң сот ишти улантууну 9-ноябрга белгиленди.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.
Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес. Тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.