ИИМ: "Нью-Йорктогу окуяга шектелген Сайфулло Саипов Кыргыз өлкөсүндө жашаган эмес"

АКШнын Нью-Йорк шаарында 8 адамдын өмүрүн алган окуяга шектелген Сайфулло Саипов Кыргыз өлкөсүндө жашаган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-октябрда Нью-Йоркто болгон терактка шектүү деп өзбек улутундагы 29 жаштагы Сайфулло Саипов кармалган. Кийинчерээк чет элдик маалымат каражаттары Саипов Кыргыз өлкөсүнүн Ош облусунда жашап кеткенин жазып чыгышкан.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, маалыматты төгүндөдү.

"Ош облусунда чындап эле Саипов деген фамилиядагы үй-бүлө жашайт. Бирок кармалган кылмышкерге алардын эч кандай тиешеси жок. Ал эми Сайфулло Саиповдун аз убакыт Араван жана Кара-Суу райондорунда жашаган деген маалыматты дагы кылдат иликтеп чыктык. Ал маалымат дагы аныкталган жок", - деп билдиришти ИИМден.

Ошондой эле ИИМдин маалыматы боюнча, Саипов эч качан Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгын албаган жана каттоого турган эмес.

Эске сала кетсек, 31-октябрь күнү АКШнын Нью-Йорк шаарында айдоочу жүк ташуучу унаасы менен жөө адамдарды тебелеп кеткен. Окуянын жыйынтыгында 8 адам каза болуп, 12 адам ар түрдүү жаракаттар менен ооруканага түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-02 14:02:21
Ушуларды оштон кууп чыгыш керек озу сасытты бизди айбандар
+19
Bektur.osh
2017-11-02 14:06:11
Bolunbo.kyrgyz,айбан дегенин менен алар деле мусулман да,алар деле Кыргызстанда торолуп, чоноюшканда.
-10
janat.kg
2017-11-02 15:02:11
Bolunbo.kyrgyz, сага сасыган болсо мен суйунуп атам Кыргызтаныбызда жашаган эмес экен
0
nursultanbek
2017-11-02 14:07:27
Эмнеге бул жерден Кыргыздын аты чыгат деп ойлойсунарбы? Анткени биздин мамлекеттик каттоо кызматы отоо алсыз, корунгон адамга паспорт, куболук бере беришет!! ошондуктан тартип катуу болуш керек ( ака ука дегенди токтотуп таза иштеш керек)
+20
Ulan2601
2017-11-02 14:12:14
Акча берсе ар кимге гражданство бере бересинер анан ушундай болот да
+9
Paolo
2017-11-02 14:25:46
Ар кимге эле паспорт бере бербеш керек да ошого башка олкодо гражданство алыш оной эмес бизде эле туш келдиге бере беришет акчасы болсо эле
+9
BekAmir
2017-11-02 15:20:40
Азамат бийлик. Озбектерге,Кытайларга жарандык бергиле. Паспортко улутун жазбагыла....
+6
nurbek11
2017-11-02 16:23:52
Чет элдик агенттер жакшы иштейт. Бул ит келип бир канча убакыт Ошто жашагандыр.Паспорту даяр болгуча.Азаматсынар паспорт стол. Акчасы жок кыргыз паспорт ала албай журот. Акчасы бар террористтер баары Кыргызстан паспортун алып кылмыш жасап жатышат. Баракелди уррааааа мам каттоо кызматы.
+3
love_you
2017-11-03 12:45:02
дуйнодо терракт болсо эле, кыргыздар, Кыргызстандык мн байланыштыра беришет. Питер, Турция, АКШ ж.б. Япондор ошодон улам кыргыздар деп аташпаса керек ээ ужастарын(((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан