Бишкек шаарындагы Д.Садырбаев жана Ю.Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей, 2 жеңил унаа жана кичи автобусту сүзүп өзү оодарылып калган. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Патрулдук милициядан билдиришти.
"Дооронбек Садырбаев көчөсү менен ылдыйды көздөй бара жаткан Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Валдайская көчөсү менен кесилишкен жерде жол тандабас Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Андан кийин Юрий Гагарин көчөсүнө жетип Volkswagen Golf 3 үлгүсүндөгү жеңил унааны жана кичи автобусту сүзүп, өзү оодарылып калган. Алдын ала маалымат боюнча Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей калган", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.
Ал эми "Тез жардам" кызматынан 3 адам жабыркап ооруканага жеткирилгенин, алар кандай жаракат алганы тууралуу так маалымат жоктугун билдиришти.