СУПЕР ТВ: Замира Молдошева кызынын тушоосун кескен жеңүүчүлөргө жылкы жана алтын берди

Өлкөдөгү белгилүү стилист жана дизайнер Замира Молдошева 30-октябрь күнү борбордогу тойканалардын биринде кызы Саадага тушоо той берди. Анын жакшылыгын куттуктап Самара Токтакунова, Эрнест Абдыжапаров, Асел Турдалиева, Гүлнара Кахарова, Эрмек Нурбаев, Урмат жана Неля баш болгон шоу-бизнес өкүлдөрү, чыгармачыл инсандар жана тууган-урук, тааныш-билиштери келишкен. Салт боюнча наристенин тушоосун кесүү үчүн келген коноктор эркектер жана аялдар болуп 2 топко бөлүнүшүп, биринчи келген мырза менен айымга кыл куйрук жана алтын зер-буюмдары, калгандарына акчалай сыйлыктар ыйгарылган. Ал эми жеңишке ким жеткенин билүүнү кааласаңыз, бул шилтемеге баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан