Ош шаарында канализация казып жатканда үйдүн пайдубалы басып каза болгон жумушчулардын экинчисинин да жансыз денеси табылды. ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Баймуратов SUPER.KG'ге билдиришинче, анын жансыз денеси саат 16:30да 5 метр тереңдиктен табылып туугандарына өткөрүлүп берилди.
"Каза болгондордун бири Максүт В. менен экинчи болуп табылган 1986-жылы туулган Нуркамилжан А.нын жансыз денелерин туугандарына өткөрүп бердик", - деди Баймуратов.
Ал эми алар менен бирге иштеп жатып жаракат алган Нурабиджан И. дарыгерлер тарабынан текшерилүүдө. Алар Ош шаарынын түштүк тарабындагы Бир-Адыр айылынын тургундары.
Эскерте кетсек, бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарындагы Памир көчөсүндө үч жигит канализация казып жатканда үйдүн пайдубалы түшүп кетип, жумушчуларды басып калган. Алардын экөө каза болуп, биринин денеси табылбай жаткан.