Орусияда студент мугалимин өлтүрүп кийин өзүнө кол салганы айтылууда

Орусиянын борбору Москва шаарында политехникалык колледждин студенти мугалимин өлтүрүп, кийин өзүнө кол салган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кечээ, 2-ноябрда жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мугалим менен студенттин жансыз денелери колледждин окуу бөлмөлөрүнүн биринен табылган. Аны биринчилерден болуп ошол окуу бөлмөсүнө сабакка келишкен башка студенттер көрүшкөн.

Ошондой эле орус басылмалары тергөөчүлөр студент алгач агайын өлтүрүп, андан кийин өзүнө-өзү кол салган деген версияга таянып жатканын жазышкан.

Андан сырткары журналисттер окуя болгон жерге барып, окуу жайдын студенттеринен сурамжылоо жүргүзүшкөндө, каза болгон мугалим жогоруда аталган студентке баа койбой, окуудан четтетүүгө берген убадасы аталган окуяга себеп болуусу мүмкүн экенин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
MoltirJan
2017-11-03 09:37:54
Кудайыыым.....
0
almanbetperm
2017-11-03 12:22:13
Бул жанылык эми жеттиби суперге, 2 кун мурда болгон
-1
Aima94
2017-11-03 17:01:25
almanbetperm,оба качан эле окугам мее да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан