ӨКМ: "Аламүдүн районундагы тоодо куураган чөп күйүп кетти"

Бүгүн, 2-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы тоодо куураган чөп күйүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, өрт тууралуу маалымат саат 20:30дар чамасында түшкөн. Андан соң Аламүдүн райондук өрт өчүрүү кызматынын 6 адамдан турган тобу атайын авариялык унаа менен тоого жөнөп кетишкен.

"Алар өрт кайсы жерде болгондугун көрүп келип, аны өчүрүү жолдорун пландашат. Тоодо чыккан өрттү атайын суу алып чыгып өчүрүү керекпи же топурак менен өчүрүлөбү кызматкерлер аныктап алышат. Эгер өрт чыккан аймакта дарыя болсо аны буруп келүү жагы да каралат", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Makain
2017-11-03 00:32:41
Дарыя жокко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан