Дарыгер: "Бишкекте көп кабаттуу үйдөн кулап түшкөн кыздын абалы оор"

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатынан кулап түшкөн 22 жаштагы кыздын абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 3-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыздын абалы оор, баш мээси чайкалып, жаагы сынып кеткен. Ал №4-Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, кечээ, 2-ноябрда Бишкек шаарынын 11-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатынан 22 жаштагы кыз кулап түшкөндүгү тууралуу "Тез жардам" кызматынан билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nibiru.
2017-11-03 11:41:47
Кулап тушконбу же секирип кеткенби?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан