Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Ала-Тоо совхозунда 3-ноябрга караган түнү 10 гектар аянттагы куураган чөп күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу кабар саат 20:30дар чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери өрттү саат 1:00дөр чамасында чектөөгө алышып 1:30дар чамасында толук өчүрүшкөн. Өрттөн жабыркагандар болгон эмес.
Эскерте кетсек, кечээ түнү ӨКМнын басма сөз кызматынан аталган өрт тууралуу кабарлашып, ага Аламүдүн райондук өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери чыгып кетишкенин билдиришкен.