Күбө: "Сузакта жол кырсыгынан 2 адам каза таап, 2 адам жабыркады"

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Өрүк-Сай айылында жол кырсыгынан 2 адам каза таап, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.

"Түндө саат 9:00 чамасында Өрүк-Сай айылынан өткөн Ош-Бишкек унаа жолунда Мерседес-Бенц менен Дэу Тико үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүштү. Мерседес жолдун карама-каршы багытына чыгып Тикону сүзгөн. Мерседестин айдоочусу окуя болгон жерден качып кетиптир. Тикодо бир үй-бүлө бара жаткан экен. Атасы менен апасы ооруканага жетпей каза болуп, келини менен баласы оор жаракат алып ооруканада экен", - деди күбө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Batma08
2017-11-03 10:38:10
Ээх Жашоо жашоо..олум каалаган убакта алып кетет экен бугун барбыз эртен жокбуз.
+2
tttalant
2017-11-03 10:54:01
Кудай сактасын баарыбызды
+1
Nazaroff1974
2017-11-03 13:21:25
Чын эле согуштагы сводкадай эле болуп калды.Жол эрежеси вообще колдонулбайт.Айдоочулар эч бир эреже сактабвйт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан