Ошто 4 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында 3,5 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөө бүгүн, 3-ноябрда саат 07:29дар чамасында катталды. Жер силкинүү очогунда 4 баллга жетип, Кыргыз өлкөсүнүн аймагындагы Алай кырка тоолорунда жайгашкан. Алай районунун Бор-Дөбө айылынын 15 чакырым түштүк-чыгышында, Кара-Киндик айылынын 23 чакырым түштүк тарабында, ал эми Сары-Таш айылынын 30 чакырым түштүк-чыгышында орун алган. Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында 3,5 баллга, Кара-Киндик жана Сары-Таш айылдарында 3 баллга жеткен", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ошондой эле аталган билдирүүдө алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ermekbai
2017-11-03 13:22:16
Таластагы митинг не болуп жатат
0
Eksvp_1
2017-11-03 13:31:25
Ermekbai, МИТИНГ БҮТТҮ
+1
urmat-87
2017-11-03 14:30:32
митинг кайра башталды
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-03 15:26:56
Кудай тынчытык берсин Ош элине ыйман берсин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан