25-октябрдан 3-ноябрга чейин АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк Азия тасмаларынын III фестивалында режиссёр жана актёр Актан Арым Кубат сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фонду билдирди.
Белгилүү болгондой, ал "Эркектин мыкты ролу" наамын жеңип алган. Бул наам анын "Кентавр" тасмасында аткарган образы үчүн берилген.
Актан Арым Кубат - Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссёр, сценарист жана актёр.
Эске салсак, буга чейин аталган фестивалга Голливуд жылдызы Анжелина Жоли келип катышканын жазганбыз.