Пакистанда 14 жашар кызды уруп, жылаңачтап туруп айылдын көчөсүнө мажбурлап чыгарган 8 адамды полиция кызматкерлери колго түшүрдү. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.
Окуя Пакистандын Дера-Исмаил-Хан шаарындагы Гарахмат айылында болгон. Маалыматта белгилүү болгондой, 14 жаштагы өспүрүм кыздын агасы ошол айылдагы 1 кыз менен кыз-жигит мамиледе сүйлөшүп жүргөн. Муну билип калган кыздын агалары 27-октябрь күнү ал баланын 14 жашар карындашын сууга бараткан жерден кармап алышып, белгисиз жакка алып барып ур-токмокко алышкан. Андан соң кыздын кийимдерин чечип, айылдын көчөсүн жылаңач кыдыртышкан. Бул кылыкты жасаган 9 адамдын жоругун айылдык кеңештин өкүлдөрү өч алуу деп баалап, туура деген чечим чыгарышкан.
"Жабырлануучу кыздын туугандары полиция кызматкерлерине кайрылып, натыйжада 8 адам колго түштү. Алардын дагы бирөө издөөдө. Кылмышты жасагандардын баары жабырлануучунун агасы менен сүйлөшүп жүргөн кыздын туугандары болушкан", - деп жазылат маалыматта.