31-майда Ош шаарында Балдарды коргоо күнүнө карата спорттук иш-чаралар уюштурулат. Борбордук аянтта массалык чуркоо уюштурулат. Анда жеңил атлетика боюнча спорттун ардагерлери 500 метр аралыкка, аскер бөлүгүнүн жоокерлери 1 чакырым аралыкка, журналисттер менен студенттер 1,5 чакырым аралыкка чуркашат. Ал эми 1-июнь күнү сууда сүзүү боюнча Ош шаарынын Биринчилиги өткөрүлөт. Маалыматка ылайык, мелдешке шаардын бардык тургундары жана коноктору катыша алышат. Жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер ыйгарылмакчы.