Бишкекте өзбек ырчысы Шахзоданын жеке концерти өтүүдө

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкекте Өзбекстандын белгилүү ырчысы Шахзоданын жеке концерти өтүүдө. Ал алгач "Ассалому алейкум" аталышындагы ыры менен сахнага чыгып, кыргыз эли менен амандашып алган соң концерттик программадагы ырларын катары менен аткара баштады. Кыргыз эли боордош өлкөнүн ырчысын жылуу кабыл алып, кол чабууларды эч аябастан көңүлдүү маанайда отурат. Концертке келген көрүүчүлөр залдын 100 пайызын түзүп, билеттер жетпей калгандыгына байланыштуу туруп көргөндөр да жок эмес. Ал эми көрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгүн үй-бүлөлүү айымдар түзгөн.

Ырларын күйөрмандары менен бирге ырдап, алар менен сүрөткө түшүүдөн баш тартпаган Шахзоданын концертинен видеорепортажды жакынкы күндөрү SUPER.KG порталынын "СУПЕР ТВ" бөлүмүнөн көрө аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
kanatt
2017-11-03 21:51:06
Оозу кыйшык болсо да кыргыз ырчыларын колдоп кубаттайм.Бироонун аялы бироого кыз корунот болуп.Озубуздун кадырыбызды билеличи.Ташкентке биздикилер барсын,принципиально келишпейт алар.
+4
Dembele84
2017-11-03 22:07:24
kanatt,Шахзоданын концерти Кыргызстанда эле эмес,Казахстан,Россия,Тажикстан ж.б олколордо деле аншлаг менен отот.А биздин ырчылар Кыргызстандан чыкпаса,эл аралык денгээлде ыры жок болсо,аларды ким тааныйт,ким концертине барат тааныбаса??
+14
Nanei
2017-11-03 22:32:24
kanatt,начар ырдашат. Накта шоу коргозо алышпайт бизбикилер. Анан эч Ким барбайт. Примадонна мын деп жургон ырчыларыбыз деле областного масштаба.
+13
sely
2017-11-03 23:47:02
kanatt,эн туура айттын мен сени колдойм озбектер билишимче турквизиондон бир да жолу ала элек а биздикилер биринчиликти эки жолу алып келди мага Шахзоданын ырлары озу жагат колдойм бирок озубуздун ырчыларды эки колдоп колдойм. Алга биздин маданият кызматкерлери.
+2
SansaNePredaiJohna
2017-11-03 21:59:54
примадонна Средней Азии. Несравнимая
+8
Dembele84
2017-11-03 22:15:24
Бизде азыр Кыргызстанды эл аралык масштабка тааныта турган ырчылар азайып кетти,жонокой эле женил желпи той ырларын чыгарып,той артынан той болуп эле жатып калды.Акыркы убакта бир мазмундуу жакшы ыр укпадым.
+10
bakulya2015
2017-11-03 22:57:10
Жакшы ырдайт ырларын мазмуну жакшы. Омуру узун болсун. Эки эл ушундай ынтымакта журо берели. Оз мекенине аман эсен жетип алсын.
+8
sely
2017-11-03 23:53:24
Ооба укмуш биздикилер деп жамандап болбой калыпсынар кыйындар андай экенсинер колдой албайт экенсинер озунор чыкпайсынарбы ошон учун биз онукпойбуз ынтымак жок бизде эмне башка улуттарда самапал ырчылар жок дейсинерби. Андай экенсинер озбекстанга барып жашагыла
-2
sely
2017-11-03 23:58:31
Бизде конур ундуу ырчылар коп мамлекет эл тарабынан колдоо корсотсок укмуш дуйнону дунгуротот бийликтеги кыйындарын башка мамлекеттен биринчиликти алып келсе 10% налог толо деватса колдоштун ордуна анан чыкмак беле. Терс коммент жазгандар баарынарды аябай жаман коруп кеттим
-3
talant87
2017-11-04 01:16:12
Мен милондун кансертин коргум келет
0
Bekboloooot
2017-11-04 07:59:51
Ооба, Нурлан Насиптин концерттерине да эл толгон учурлар катталган.
Шахзода КМШ өлкөлөрүндө эң белгилүү ырчыларынандыр.Аны баары сыйлайт кадырлайт.
Жеке мен деле колдоймун.
Чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын.
+2
dastan_nookat
2017-11-04 08:21:01
Маек алыныздарчы Шахзодадан
+3
kama_future_millioner
2017-11-04 08:25:24
Өзүбүздө деле үнү мыкты ырчыларыбыз бар. М:Нурлан Насип Спорт ордосунда берген концертинде эл 101 пайыз келип берген
0
Drongo
2017-11-04 09:41:07
Шахзода мин ирет жакшы болсо дагы,ал Кырыгызымдын ырчысы эмес.Кыргыздын бир да ырчысына тенебейм,мен учун Кыргызымдын ырчылары дайыма биринчи орунда турат.Кыргыз учун куйбойт,кылы да кыйшайбат Шахзоданын.
+1
sely
2017-11-04 12:51:45
Drongo,мен да сага кошулам
-4
Drongo
2017-11-04 09:58:53
Ташкентте КМШ олколорунун башчыларынын кенеши отуп жатса 3ноябрда,Бишкекте Шахзоданын концерти 3 ноябрда,тан калыштуу саясий дал келуучулук,туурабы?
0
AKCAHAT
2017-11-04 13:07:55
Ушулар баарына кантип жетишет Шагзода Райхон Лола озулоруно карайт, келебети 20 ж кандай сахнага келсе ошол эле бойдон тескерисинче ачылып сулууланып да кетишти. А эмнеге бизде турмушка чыкты дегиче баары бутуп калат. Кайра биз эч нерсеге жетишпейбиз кандай болсок ошондой кабыл алгыла,организмим ошондой деп куйормандарга тукуруп койушат))) Жалкообузбу же телегейи тегиз. Шагзода кемчилиги жок чыныгы ырчы. Жупуну адамгерчиликтуу озун пиарит этпеген, бир дагы унун которуп скандал кылбаган жылдыз
0
anandi
2017-11-04 13:18:53
Шахзоданы мен да баалайм таланттуу инсан
+1
Rasul94
2017-11-04 13:37:59
каалашынарча минус баскыла.Шахзодага Кыргызстанда бир дагы ырчы тен келбейт
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан