Москвада балдар арасында өткөн эл аралык "World beauty-2017" сынагына Кыргыз өлкөсүнөн катышкан Матвей Дайнеко баш байгеге арзыды. Бул тууралуу аталган сынактын өлкөдөгү уюштуруучулары билдирди.
Анда айтылгандай, эл аралык сынакка катышып, жеңишке ээ болгон Матвей 5 жашта. Сынактан жеңишке жеткенден кийин ага "Mini Mister International-2017" наамы тапшырылган.
Фестиваль 31-октябрдан 3-ноябрга чейин өткөн. Ага өз өлкөлөрүндө өткөн сынактан жеңип алган таланттуу балдар катышкан. Жалпысынан 20дан ашык өлкөдөн катышуучулар келип, Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн белгилүү маданият кызматкерлеринин сынынан өткөн.
Матвей эми алдыда өтө турган "Mini Mister World" фестивалына катышат.
Буга чейин Кыргыз өлкөсүндө өткөн сынактан жеңишке жеткен Матвейге "Кичинекей топ модель" наамы берилген. Ал 4 жашында Астана шаарында өткөн эл аралык сынакка да катышып, "Little mister world beauty Asia - 2017" наамын жеңип алган.