Поп-музыканын падышасы аталган атактуу америкалык ырчы Майкл Жексондун улуу баласы Принц Майкл Жексон жол кырсыгына кабылып, ооруканада ден соолугун калыбына келтирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 20 жаштагы Принц Майкл Жексон өзү билим алган Лойола Мэримаунт университетине мотоциклде бара жатып унаа менен кагышкан.
Принц кырсыктын себебин жаан жаап, асфальт тайгалак болуп калгандыгы менен байланыштырып, ошол учурда башкарууну жоготуп алгандыгын билдирген. 2-ноябрда болгон бул кырсыктан Принц тизесинен жаракат алып, денесинин бир канча жери сыйрылып, көгөргөн тактары менен ооруканага жеткирилген.
Принц Майкл Жексон 1997-жылы 19-февралда Лос-Анжелесте төрөлгөн. Калифорниядагы жеке мектептен билим алып, 2013-жылы жергиликтүү телеканалдардын бирине кабарчы болуп кабыл алынган. Мындан тышкары ал "Новое поколение", "Беверли-Хиллз" сериалдарына тартылган.