Ар жума сайын популярдуу клиптер SUPER.KG порталындагы "Супер Хит" долбоору аркылуу добуш берүүгө коюлуп, ар бир клип көрөрмандардын баалоосуна жараша тиешелүү орунга ээ болот. Анда бири четтетилсе, башкасы жаңыдан "Супер хиттин" катарына кошулат.
Бул жумада ырчы Нурсултан Азыкбаевдин аткаруусундагы "Эгиз жүрөк" аттуу жаңы видеокомпозициясы "Супер хиттен" четтетилген клиптин ордун толуктады. Ал эми Баястандын ашыгы менен биргеликте тартылган клиби эң көп көрүлүп, 1-орунга чыкты.
"Супер Хитте" көрөрмандардын сынына Нурлан Насиптин "Таттуу махабатым", Айгерим Расул кызы аткарган "Өзүң эле", Сайкал Садыбакасованын аткаруусундагы "Ойлорум сага" жана башка ырчылардын клиптери коюлган. Бул аптада кайсы ырчынын клиптери алдынкы орундарга чыкты жана кайсы клип андан четтетилди десеңиз "Супер Хиттин" бул чыгарылышын толугу менен көрүңүз.