Кыргыз студенти Баястан Ысманов "Москва мэринин Гранттары" сынагына катышып, жеңишке ээ болду. Бул тууралуу анын агасы Арстанбек Ысманов SUPER.KG порталына кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, "Москва мэринин Гранттары" сынагы кечээ, 3-ноябрда Москвадагы эл аралык музыка үйүндө өткөн.
Жалпысынан 19 номинация менен өткөн сынакка Орусиянын баш калаасында жайгашкан искусство жана маданият институт, колледждеринин студенттери катышкан.
"Леонид Филатов атындагы Москва мамлекеттик театралдык колледжинин 4-курсунун студенти Баястан "Эң мыкты театр чебери" наамын жеңип, мэр Сергей Собяниндин колунан 50 миң рубль акчалай сыйлык жана статуэтка алды", - дейт Ысманов.
Жаш таланттарды колдоо жана келечекке карай шыктандыруу максатында өткөн бул сынактын жалпы байге фонду 3 миллион 74 миң рублды түзгөн. Жалпысынан 3 тур менен өткөн сынактын жыйынтыктоочу бөлүгүндө Москва шаарынын мэри Сергей Собянин катышуучуларга, жеңүүчүлөргө, келечектеги маданият кызматкерлерин даярдаган мугалимдерге жана студенттердин ата-энелерине жасаган аракеттери үчүн ыраазычылыгын билдирген.
Баястан Ысманов 1998-жылы 28-январда Бишкек шаарында төрөлгөн.