Ырчы Алмаз Шаадаевге жеке концертинде "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылды (фоторепортаж)

4-ноябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында эстрада ырчысы Алмаз Шаадаевдин жеке концерти өттү.

Бишкек шаарында 2-жолу жеке концертин берип жаткан ырчы мырза бул кечеге 2 айга жакын убакыт даярданганын айтат.

"Биринчи жолу өткөргөн концерттен сабак алып, анда кетирген кемчиликтерди жоюунун үстүндө иштедик. Концертти көптөгөн кызыктар коштойт. Маселен фокусниктер менен чогуу түрдүү кызыктарды тартуулайбыз" - дейт Шаадаев.

Көпчүлүктүн кол чабуусунун коштоосунда концерт башталып, Шаадаев сахнага демейдегиден башкача чыкты. Тактап айтканда, сахнага сүрдүү караандар чыгып, алар ортого коюлган кичинекей бөлмөдөн чыгып жатты. Соңунда ырчы мырза да ошол жактан чыгып, концертин "Мейли" аттуу ыры менен баштады.

Алып баруучулук кызматты Сакиш, Бопуш тандеми аткарып, келген конокторго ырга катар күлкү тартуулап жатышты.

Ырчы "Фаридам" аттуу чыгармасын аткарып, бул анын репертуарындагы эң жемиштүү ыр экенин белгиледи. Өткөн жылы гана жаздырганына карабастан барган жеринде "Фаридамды" аткаруусун суранышарын айтты ырчы.

Алып баруучулар Алмаздын эң жакын досу деп сахнага Данияр Эрматовду чакырышты. "Апамдын болчу келини" деген ырын аткаруунун алдында ал келген конокторго Алмаз Шаадаевдин атынан ыраазычылык билдирип, досуна чыгармачылык ийгилик, эргүү каалады.

Концерттин жүрүшүндө залда отурган ар бир көрөрманды бир саамга ойго салган ыр аткарылды. Алмаз Шаадаев "Жаркырасын Кыргызстан" деп аталган ырын аткарып жатканда сахнага бир нече мекен сакчылары тизилип турушту. Өлкөдөгү жетишкендиктерге катар орун алган кемчиликтер камтылган саптар концертке келгендердин жүрөгүнөн түнөк тапканын ырдан кийин көпкө чейин токтобой кол чабуулар далилдеди.

Андан кийин алып баруучулар сахнага Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрүн чакырышты. Алар Шаадаевге "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин ыйгарышты. Шаадаев өз кезинде күтүлбөгөн учурда берилген төш белги аны катуу толкундантканын, кубандырганын айтты.

"Чынында бүгүн өтө чоң кубанычтуу күн болду, бул төш белги мага мындан ары да маанилүү ырларды жазып аткарууга, тынымсыз эмгектенүүгө стимул берет. Ата-энем да ушул залда отурат, аларга, министрликке, жалпы менин күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем", - деди ал.

Көп кызыктар коштолгон бул концертте Шаадаев ата-энесинин жанына барып, аларга арналган ырын аткарды. Ага улай эле ырчы мырзанын ата-энеси келген конокторго дуэт аткарып беришти.

Зал элге 99 пайызга толуп, 2 сааттан ашык убакытка созулган концертти ырчы көтөрүңкү маанайда "Фаридам" аттуу альбому жарык көргөндүгүнө байланыштуу кайрадан "Фаридам" чыгармасын ырдап жыйынтыктады. Концерт жөнүндө даярдалган видеорепортаж жакынкы күндөрү SUPER.KG'нин "Супер ТВ" бөлүмүнө жайгаштырылат.

Алмаз Шаадаевдин концертинде ата-энеси дуэт аткарды
Ырчы Алмаз Шаадаевдин жеке концерти өттү
Алмаз Шаадаев концертинде "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (45)
gulzat85
2017-11-05 10:33:34
Же оздору нормальный ыр жазышпайт же башканын ырларын ырдай алышпай эле наам ала беришеби тобоо кылдым!!!министирлик эмнени карап жатат деги.
-3
nurhan2702
2017-11-05 11:07:34
gulzat85,сен кыйратасынбы анан
0
nurhan2702
2017-11-05 21:53:18
gulzat85,сага "мен кыйратамын" - дедимби. Создун маанисине тушунбосон доорубо
+3
JaneEr
2017-11-05 10:35:56
Ырчылар кобоюп кеттиго саны коп сапаты жок.Элдин баары эле ырчы,саясатчы хаха.Шайыр женелер,эжелер,апалар айтор кемпирден бери ырчы.Эми бул баланын ата-энеси да ырчы болуп кетсе...Эл артисти наамын алышы эч кеп эмесго...
0
Aiaral
2017-11-05 11:10:31
Тааныбайт экем
+3
nurhan2702
2017-11-05 11:12:55
Кимге наам берселе чычалай бересинерби. Колунардан келсе силер да алгыла. Сатып аласынарбы , ырдап аласынарбы ал озунордун проблеманар. Мисалы бул баланын ырлары жагат. Ушунча мээнет кылып даярданып концерт беруу деле оной эмес. Сынтактырып эле койсо силерди тилинерди буландатып
+2
ajdaaar
2017-11-05 11:54:24
nurhan2702, концерт бергендин баарына эле наам бере берсе, анда баары эле "маданиятка эмгек синирген ишмер" болуп кетпейби?!!

Мен керек болсо тааныбайт да экенмин, жакшы ырчыны эл таанып баалайт го?!! Репертуарынжа канча ыр бар, канчасын эл билет?!! Бек, Сыймыкка окшоп калын элге таанылып, ырларын эл суйуп укса, ырдаса мейли эле го!!!

Наамдыиачык эле сатып жатышат. Бир-эки эптемей ыры барлар алып жатат наамды...
+3
gute
2017-11-05 11:19:28
Кайсыл эмгеги учун алды. Борончу Тынарларга бериш керек наамдарды
+3
Nazaroff1974
2017-11-05 11:19:33
Монголияда бир убак генералдык наам ачык эле сатылып,олко ошо менен бюджетин толтуруп алган.Отукчудон бери генерал эми...Бизде деле наамдар ачык эле сатылып жатат,бирок бюджетке эмес,бир аз тарп жорулардын кулкунуна.Бааларын,прейскурантын билиш керек болду.Урматтуу Суперчилер силер кыйынсынар го,наамдардын бааларын билип бергилечи.Кыргыздар акча топтоп Абдылда куудулга деле сатып берели.Итинен битине чейин наам алышты.Абдылда аке перезаслуженный,эмне кемби ушуга окшогон халтурщик тойпуруштардан?
+12
KAPTA
2017-11-05 12:12:27
Мен деле алсам болгудай окшойт, Ильяз, Атабековтордун хит ырларын ырдап чыгып!
Просто соз жок да, уят!
+2
evra_kg
2017-11-05 12:22:06
Кудулдар алса болот эле
Мин наалат ушул наамды алганыда бергенида баркы кетиништи акмактар
+4
aman0296
2017-11-05 12:36:33
3 мин карызын бербейби жыргабай
+3
Baktiyar731
2017-11-05 13:02:49
Кандай ыры бар экен өзү чыгарган?
+3
Gulkin
2017-11-05 13:53:13
Как будто ушул жалгыз наамды сатып алгандай жазыпсынар го. Баарыле алып атпайбы тимеле жаадырыпсынар го комменттерди. Тааныбасанар интернеттен ырын таап угуп таанып алгыла силер тааныбаганынарга да алмаз куноолубу. Эмгеги менен берди да концерт ин кандай болсо да.
-2
ajdaaar
2017-11-05 20:32:59
Gulkin, муну менен таанышалы деп элдин козу учуп турган жок!!! Эч ким тааныбаган бири наам алса эл кантип кубансын?!! Эл тааныган, элге эмгеги синген аттуу-баштуу ырчылар, куудулдарыбыздын наамы жок дагы, эл тааныбаган, элге эмгеги синбеген бири кантип наам алат, акчага эле наам сатып албаса?!!!
+2
Gulkin
2017-11-06 00:48:18
Айтышып жаман жакшы корунушкум келбейт!!!
0
warrior96
2017-11-05 14:19:20
Мен ырчымын дегендердин баарысын чакырып эле бир жерге чогултуп ..ТОШ БЕЛГИ ГРАМАТА НААМ БЕРИП КОЙГУЛАЧЫ
+5
Birimdik5555
2017-11-05 14:39:05
Азаматсын,талантын ташкындай берсин,жаш муундарга ушундай наамдарды берип кичине алга суроп коюшса мындан да жакшы иштешет,ошондо бизде да сапаттуу ырчылар кобойот
+1
AKCAHAT
2017-11-05 14:45:34
Баары стимул алып жатып калдыго))) ачык эле бизнеске айланып кетти. Айка Дека Асель Иса Омуркуловдор алса эми ...
+2
Nanei
2017-11-05 16:25:56
AKCAHAT,бандан чыктынарбы
0
ALMAAAN
2017-11-06 04:35:04
Ушул ырчы жакпайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан