Бишкектин Тойгонбаев жана Т.Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде үч жүк ташуучу унаа кагылышты. Анын кесепетинен 2 адам жаракат алып, алар №4-шаардык ооруканага жеткирилгенин SUPER.KG'ге "Тез жардам" кызматынан 5-ноябрда тастыкташты. Маалым болгондой, 4-ноябрь күнү саат 17:00 чамаларында аталган даректе жүк ташыган кичи автобус катуу ылдамдыкта келатып жүк ташыган эки кичи автобусту сүзүп, андан кийин үйлөрдүн биринин короосуна кирип барып токтогон.
"Саат 17:17 чамасында чалуу болуп, аталган дарекке дарыгерлер тобу барган. Дарыгерлер жол кырсыгынан жаракат алган эки адамды Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып кетишкен", - деп билдиришти "Тез жардам" кызматынан.
Кырсык катталгандыгын Бишкек шаарынын Патрулдук милициясынан тастыкташып, бирок анын жагдайлары тууралуу толук маалымат бере алышкан жок.