Бүгүн, 5-ноябрда таңкы саат 04:15те Манас кең көчөсү менен Новая көчөсүнүн кесилишинде 2 Тойота Камри жана Хонда Фит кагылышып, 5 адам каза болгон. Аталган жол кырсыгынан дагы 3 адам жаракат алып ооруканага жеткирилгенин SUPER.KG'ге "Тез жардам" кызматынан билдиришти. Алардын учурдагы абалы тууралуу азырынча маалымат жок.
"3 адам ооруканага жеткирилди. Бирок абалдары тууралуу азырынча айта албайбыз", - дешти "Тез жардам" кызматынан.
Бишкек шаарынын Патрулдук милициясынан кабарлашкандай, Тойота Камри катуу ылдамдыкта баратып алдындагы Хонда Фит унаасынын артынан сүзүп, андан кийин каршылаш тилкеде келаткан Тойота Камри унаасы менен сүзүшкөн. Натыйжада сүзгөн унаадагы 3 адам жана экинчи унаадан 2 адам каза болгон.