Аида Салянованын туугандарынын бири: "Улан Саляновдун баласына тапанча такап, акча беришин талап кылыптыр. Үйдөн эч нерсе уурдалган эмес "

6-ноябрга караган түнү Бишкекте белгисиз адамдар Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өз үйүнөн атып кетишти. Маркумдун уулу Абай Салянов окуя болгон учурда үйдөн качып кетип, кайра кайтып келген. Азыркы тапта милиция кызматкерлери кылмышкерлерди издеп жатат.

Аида Салянованын жакын туугандарынын бири аты-жөнүн атагысы келбей SUPER.KG порталына окуя тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди: "Билгеним боюнча, төрт адам тапанча менен кирип келишип, акча сураган. "Акча берсең кетип калабыз" дешкен алар. Баласына тапанча такаса, терезе аркылуу секирип жаш бала да, кошунасынын үйүнө качып кетиптир. Аялын болсо ары жакка түртүп, ага "чыксаң өлөсүң" дешиптир. Улан өзү спортчу бала, күч-кубаты бар эле, каршылык көрсөттү да. Акчасы жок болсо эмнесин берет? Бирөө-жарымын жыгып баскан окшойт. Үйдөн эч нерсе уурдалган эмес.
Улан унаа оңдоп, ошону сатуу менен алектенчү. Касташып калган деле эч кимиси жок эле, андайын укпаптырмын. Үйүнөн деле чыкчу эмес, намаз окучу. Үйдүн курулушун болсо, өз күчү менен бүтүрүп жаткан. Окуянын эмнеден улам келип чыгуусу боюнча оюма эч нерсе келбей жатат, милиция кызматкерлери аныктайт чыгар".


Улан Саляновду түнү өз үйүндө атып кетишти. Окуя болгон жерден видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
FIFA17
2017-11-06 09:01:28
Аидага Алмаз сөз тандабастан сигнал).
+15
Azat.97
2017-11-06 09:29:08
FIFA17,Бул жерде анын кандай тиешеси бар?Акча сураптыр деп атпайбы атайын буйрук менен келсе акча сурамак эмес.
-11
Asman...
2017-11-06 10:44:50
Azat.97,эмне анан аша жонотту ат деп дейт беле. Акча сурамыш болуп оч алды да. Кудай сабыр берсин эми туугандарына.
+5
nargiz-sa
2017-11-06 11:47:19
Azat.97,кылмыштын версиясын чалкытыш учун акча талап кылган болуп коюшту да
+3
ACAH-AKA.
2017-11-06 09:34:07
Билип билбей эле ар нерсени дөөрүгөн болбойт
+2
Atas
2017-11-06 09:41:23
Bul kylmysh buirutma , kylmyshkerler kuulanyp kalp ele suramysh bolup koiushkan tonoogo keliptir dedirtip
+5
Ayida
2017-11-06 10:12:28
Аидадан оч алыптырда значит укаси аркылуу.Аиданы олтурсо кызы бар жалька десе керек да. Намаз окуган адамдан айланып кеткиле акмактар Аллах тозокто кыйнайт силерди. Торт адам тапанча мн киргенге жараша бай болсо экен.Бул нак заказ эле.
+7
Asman...
2017-11-06 10:46:03
Тиги дуйнонорду ойлогула ээээй адам сымал айбандар. Аша келгени бери олум олум болуп кырылып бутмой болдук кыргызым.
+2
Xanisha
2017-11-06 14:15:11
Asman..., Атамбаевтин балекетин алгыла
-4
AlihanElmirbekRamiz
2017-11-06 16:09:19
Xanisha,
Атамбаеаке кошулуп силер да Бакиевдин балекетин алгыла.))))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан