Депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 6-ноябрда SUPER.KG'ге Чүй ОИИББинин маалымат катчысы Нурбек Токтосунов кабарлады. Анын айтымында, маркумдун эки жерине ок тийген.
"Улан Салянов жаракат алгандан кийин ооруканага баратып каза болгон. Бирок ок кайсы жерине тийгени азырынча белгисиз. Учурда эксперттик топ окуяны жеринде териштирүүдө. Окуянын чоо-жайы анын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот. Салянов унаа оңдоочу жайда гана иштеп келгендиктен анын өлүмүн саясат менен байланыштыра албайбыз", - деди Токтосунов.
Ал эми жакындары атылган ок маркумдун колу-бутуна жана ичине тийгенин айтышууда.
Депутат Салянованын жактоочусу Улан Жумаковдун айтымында, Улан Салянов келинчеги экөө тең намаз окугандыктан алар кол салуу болорго жакын намазга турушкан.
Эскерте кетсек, Саляновду 6-ноябрга караган түнү саат 2:00 чамасында Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы үйүнөн бет капчан белгисиз 4 адам атып кеткен. Маркум 42 жашта болгон.