Лос-Анжелесте өткөн "Бүткүл дүйнөлүк Азия тасмалары" фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Лос-Анжелесте өткөн Бүткүл дүйнөлүк Азия тасмаларынын III фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу фестивалдын негиздөөчүлөрүнүн бири жана уюштуруучусу Асел Шерниязова билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-октябрдан 2-ноябрга чейин созулган кинофестивалда эң мыкты деп табылган тасма жаратуучуларына сыйлыктар тапшырылды.

Фестивалда "Эң мыкты тасма" наамына Кореянын "Водитель такси" тасмасы татыктуу деп табылса, калыстар тобунун атайын сыйлыгына Кытайдын "Сумасшедший мир" фильми ээ болгон.

"Мыкты дебют" сыйлыгына грузиялык режиссёр Анна Урушадзенин "Страшная мать" фильми жана орусиялык кинорежиссёр Александр Ханттын "Как Витька Чеснок вез Леху Штыря в инвалидный дом" тасмасы арзыды.

"Эң мыкты актёр" наамына "Кентавр" тасмасында жараткан ролу үчүн Актан Арым Кубат татыктуу деп табылса, "Эң мыкты актриса" наамы "Горящие птицы" фильминдеги ролу үчүн актриса Анома Жанадариге ыйгарылды. Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма деп Түркиянын "Айла" тасмасы да сыйлыкка ээ болду.

Эскерте кетсек, 25-ноябрда Лос-Анжелесте башталган Бүткүл дүйнөлүк Азия тасмаларынын III фестивалына жалпысынан 50дөн ашуун өлкө катышкан. Фестивалга Голливуд актрисасы Анжелина Жоли катышып, фестивалдын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз ал менен баарлашканын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2017-11-08 09:28:19
Анжелина сыйлыкка ээ болбодубу ошондо, аны да бир фильм менен келди дешти эле го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан