ИИМ: "Улан Саляновду атып кеткендер ак түстөгү минивэнде болушкан. Аларды кармоо аракеттери жүрүүдө"

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновду атып кеткендер ак түстөгү минивэнде болушкан. Аларды тез арада кармоо планы жарыяланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Улан Саляновдун өлүмү боюнча бир канча версиялар каралып жатат. Ички иштер министрлигинен саясий мүнөздөгү кылмыш катары каралбай жатканын белгилешкен.

Эскерте кетсек, Саляновду 6-ноябрга караган түнү саат 2:00 чамасында Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы үйүнөн бет капчан белгисиз 4 адам атып кеткен. Окуя орун алган мезгилде үйдө Улан Салянов, анын аялы жана 17 жаштагы баласы болгон.

Депутат Аида Салянованын инисин аткан кылмышкерлер издөөгө алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
islamik
2017-11-06 11:18:34
Туура эле кылмышкерлерди кармаса экен, же бийлик дагы бир шордуунун мойнуна илеби
+8
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-06 11:27:36
Баласы байкуш атасыз калды
+3
gute
2017-11-06 11:33:27
Бул бийликтин эле кылганы. А. Саляновага каршы жазаган иши.
+10
Tyty1990
2017-11-06 11:47:31
Ашанын кашасы тугонбодуго.
+13
evra_kg
2017-11-06 13:26:58
Жолдубаеванын тиешеси барго дейм
+6
Sezim.A
2017-11-06 13:54:37
Бул да болсо ажал дейт.Эмне себептен бийлике оч алуу учун келишеби? Бирин бири чукуп эле жатышат.Андан коро бир жакадан баш ,бир женден кол чыгарып иш алып барышпайбы?Бизге кичинебизде куч бирдикте деп тарбия беришкен,азыркы жаштарыбызга да ошондой тарбия берип жатабыз.Биздин бийликтегилер да ушул сыяктуу болсо ар олкого маскара болбостон авторитеттуу мамлекет болмокпуз.Бизде болсо бийлике олтурушат да эски душмандарынан оч алмай башталат.Алладан корколучу жок дегенде.Жаткан жери бейиш болсун!!!
+5
Mara8492
2017-11-06 13:57:07
Уйуно кроме атын кетсе,ээ жараткан кандай заманда жашап жатабыз.
0
barakcha
2017-11-06 14:20:53
АША генерал наамдарды жон эле берген эмес УКМК менен ИИМге.Кылмыш заказной.100%
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан