SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү мелодрама, мистика жанрындагы жаңы тасма менен толукталды. Тунук сүйүү, кыргыз жеринин кооз жаратылышын чагылдырган тасмада Жамал Сейдакматова, Калипа Усенова, Куштар Камил уулу, Акмаанай Эшбаева жана башка актёр, актрисалар роль жаратышкан.
Тасмада сүйгөн жигитин башка кыз менен сүйлөшүп турганын көргөн бийкеч ага таарынып, кызганып курбусу менен Жалал-Абаддагы Арстанбап айылына кетип калат. Жаратылыштын кооздугу, айыл элинин кең пейилдиги, таза аба кызга жагып, жагымдуу таасир калтырат. Бирок ошол эле учурда кызды айылдагы шаркыратмага барган сайын сырдуу, коркунучтуу көлөкө ээрчигенин койбойт...
Тасманын режиссёру Асамиддин Мухиддинов тасма тууралуу буларга токтолду: "Ажар" тасмасы тартуучу топтун биринчи эмгеги. Ошондуктан анда кетирилген кемчиликтер, катачылыктар өзүбүзгө да байкалып жатат. Буга чейин кинотеатрларда көрсөтүлүп жатты. Фильмди көргөндөр өз ара сындап жатышкандыр, бирок бизге келип "мындай орой катачылык бар экен" деп айтыла элек. "Ажар" менен тушообуз кесилди, арышыбыз байсалдуу болсун деген тилек менен жаңы тасмаларды жаратуунун үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса, өмүрүмдү кыргыз киносунун тарыхында кала турган мыкты тасмаларды тартууга жумшайм", - дейт ал.
"Ажар" тасмасын көрүү үчүн бул жакка кириңиз.