"Ирак мамлекети акыркы 45 жыл ичинде кыздарга сулуулук сынагына катышууга тыюу салып келген. Бирок эми бул тыюулар жокко чыгарылып, аталган өлкөдөн "Дүйнө сулуусу" сынагына 27 жаштагы Сара Айдан аттуу бийкеч аттанып жатат", - деп жазылат чет элдик маалымат булактарында.
Маалыматка ылайык, Иракта кыздар 1947-жылдан тартып 1972-жылга чейин сулуулар сынагына эркин катышып келген. Андан кийин калктын нааразычылыгынан улам мындай кароо-сынактарды өткөрүүгө жана ага катышууга тыюу салынган.
Сара Айдан Багдадда өткөн сулуулар сынагында 2-орунду жеңип алган. "Ирактын сулуусу" наамына ээ болгон бийкеч турмушка чыгып кеткендигине байланыштуу Сарага жол бошоткон. Ирак мамлекетинин атынан акыркы жолу бул сынакка 45 жыл мурун, 1972-жылы Вайдан Сулейман аттуу сулуу катышкан.
Сара Айдан катыша турган "Дүйнө сулуусу" сынагы 26-ноябрда Американын Лас-Вегас шаарында 66-ирет өтөт.