"Тамашоу" Лигасынын ардагерлеринин бирине айланган "Ак-Өргө city" командасынын "красавчик" оюнчусу Эрмек Таалайбеков 6-ноябрда өзүнчө түндүк көтөрүп бүлөлүү болду. Аны эл "неге мынча сулуумун?" деген фишка сөзү менен тааныган.
Белгилүү "тамашоучу", актёр Эрмек өзүнүн сүйүктүүсү Бекзада менен кол кармашып жакындарына шаарыбыздагы ресторандардын биринде үлпөт тоюн өткөрдү. Жаштарды бул өзгөчө күнү менен жакындары, достору жана эки жаштын аркасы менен туугандашып отурган ата-энелер куттуктап келишти. Жакындарынын алдына жар-жар ыры менен эмес атасынын коштоосунда кирип келген Бекзаданын үлпөт көйнөгү элдин көңүлүн өзүнө бурду. Кызын өз колу менен күйөө баласы Эрмекке өткөрүп берип жаткан атанын толкунданып турганы көрүнүп турду.
Тойду эстрада ырчылары Курал Чокоев, Кайрат Примбердиев, Нурлан Насип, Ирлан Таалайбеков жана белгилүү бий топтору коштоп шаӊга бөлөштү. Салтанатты өзгөчө көрккө бөлөгөн "Тамашоу" Лигасынын жигиттери элге жакшы маанай тартуулай алышты.
Жаңы курулуп жаткан үй-бүлөгө калыс болсун деп шайланып жаткан өкүл атасынын жана өкүл апасынын айтымында Эрмек менен Бекзададай болгон мыкты жаштарга өкүл ата, өкүл апа болуш алар үчүн сыймык. "Жакында өкүл ата, өкүл апа болорубузду жаштар бир ай мурун сүйүнчүлөп айтышкан. Эки жашка бакыт жана дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайбыз", - деп билдиришти Нургазы жана жубайы Салтанат.
Эки жаштын тою ак дилден чыккан каалоо-тилектерге жана ар кандай кызыктуу оюн-зоокторго толуп, жагымдуу маанай менен аяктады.