Америкалык ырчы Бритни Спирс тарткан сүрөт аукциондон 10 миң долларга сатылды

Америкалык ырчы Бритни Спирс тарткан бакча жана гүлдөрдүн сүрөтү кечээ, 6-ноябрда Лас-Вегаста өткөн аукциондо 10 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ырчы бул картинаны тартып жатканын кыскача видеого тартып, интернеттеги социалдык тармактагы өздүк баракчасына жүктөгөн. Ошондон тарта толугу менен тартылып бүтө элек сүрөткө кызыккандардын саны көбөйүп, аукцион учурунда да эң көп талаш-тартышка түшүп, соңку баасы 10 миң долларга бааланган.

Бритни Спирс аукциондун жыйынтыгына абдан ыраазы болуп, андан түшкөн каражат Лас-Вегастагы музыкалык фестиваль учурундагы атышуудан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө которула турганын айткан.

"Гүлдөр - бул жаңы жашоонун башталышы, алга жылууга стимул берүүчү нерсе. Муну түшүнүү менен кабыл алып, аукционго активдүү катышып берген инсандарга ыраазымын. Мен сени сүйөм, Лас-Вегас", - деген ал.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 2-октябрына караган түнү Лас-Вегастагы Mandalay Bay аталышындагы оюн-зоок комплексинин алдында атышуу болгон. Анда белгисиз адам комплекстин маңдайында жайгашкан мейманкананын 32-кабатынан кантри-музыка фестивалына күбө болгону келген адамдарды көздөй ок чыгарган. Натыйжада баш аламандык жаралып октон жана адамдардын бири-бирин тебелеп салышынан бир канча адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ACAH-AKA.
2017-11-07 11:01:19
100 сомго да алмак эмесмин
+9
prenses
2017-11-07 11:58:45
ACAH-AKA.:))))))))) Oshonu aitsan bular ХХХХ dagi elder ala beret.kap izvestniy ele bolup kalbaptirbiz da
+3
Kg.arts.
2017-11-07 13:15:34
Бритни Спирс картайып кеткендей.
+1
Omuur94
2017-11-07 18:02:36
Чын эле 100 сомго да алмак эмесмин)
+3
Nazaralikarakulja
2017-11-07 19:03:53
Менин 5 жаштагы балам тарткан гулдорго окшошко экен бир картинканы 10 мин доллар болсо кунуно 100 штуктан тартбайлыбы Кыргыздар Кыргызстан дын карызынан тез эле кутулуп койсок болгудайго ха ха
+3
Pandora
2017-11-07 20:52:11
Мен биринчи коасста сурот сабагынан тартканмын
+1
kechirmeni
2017-11-08 09:18:17
байкуш карыптыр ушунун ырлары менен чонойдук го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан